super.kg logo

Жумгалда жоголгон ата-баланы издөө иши эртең улантылмай болду

 
Нарын облусунун Жумгал районундагы Өрнөк айылында ата-баланы издөө иши кеч киргендигине байланыштуу саат 20:05те токтотулду. Эртең, 2-ноябрда кайрадан таң эрте улантылат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, бүгүн саат 7:45те башталган издөө иштерине жалпы 114 адам катышып, 10 дрон тартылды.
Издөө иштери жеринде министрдин орун басары Урматбек Шамыркановдун жетекчилигинде күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп, натыйжа болгон.
Белгилей кетсек, 16-октябрда Жумгалдын Өрнөк айылында 49 жаштагы Болот Карыпбеков 9 жаштагы уулу менен мал кайтарганы кетип, дайынсыз жоголгон.
Алардын аты Көкөмерен дарыясынан табылып, кайтарып жаткан малы чачырап кеткени белгилүү болгон. Дайынсыз жоголгондорду издөө иштери 19-октябрда башталган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: