super.kg logo
  Саясат  

Аким алмашып, жаңы орун басар келди. Бир апта ичинде жаңы дайындалган жетекчилер

 

Өлкөдө 28-октябрдан 1-ноябрга чейин бир нече кадрдык өзгөрүүлөр орун алды. Аларды бир топтомдо тизмектейбиз.

Алсак, апта башында Токмок шаардык ички иштер башкармалыгына жетекчи болуп Азамат Имангазиев барды. Аны эмгек жамаатка Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Каныбек Абдырахманов тааныштырган.

28-октябрда Чүй облусунун Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси болуп Алмазбек Айбашев дайындалганы кабарланды.

30-октябрда Кочкор районунун акими Камил Чоткараев ээлеген кызматынан бошотулду. Ал акимдик кызматка ушул жылдын март айында дайындалган эле. Ушул эле күнү президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Баялы Досалиев аталган райондун акими болду.

Ушул эле күнү Мирлан Койчукулов Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборунун директорунун орун басары болду. Аны дайындоо боюнча чечимди аталган борбордун Координациялык кеңеши кабыл алган.

Ал эми тышкы иштер министринин орун басары болуп Темирбек Эркинов дайындалды. Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

1-ноябрда Рысбек Сагынбеков "Бишкекшаарлифт" муниципалдык ишканасынын директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев кол койгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: