super.kg logo

Жети шаарда аралыктан добуш берүүгө арыздар кабыл алынууда (Даректери)

 
Бүгүн, 2-ноябрда 7 шаардагы калкты тейлөө борборлорунда 17-ноябрдагы шайлоо үчүн аралыктан добуш берүүгө арыздар кабыл алынууда. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады.
Белгиленгендей, аталган борборлор эртең менен саат 9:00дөн кечки 18:00гө чейин иштешет. Арыздарды кабыл алуу эртең, 3-ноябрда дагы улантылат.
  • Бишкек шаары, Ч.Валиханов көчөсү, 2;
  • Ош шаары, Т.Касымбеков көчөсү, 8г/1;
  • Нарын шаары, В.Ленин көчөсү, 39;
  • Жалал-Абад шаары, Барпы Алыкулов көчөсү, 1;
  • Каракол шаары, Гебзе көчөсү, 124;
  • Баткен шаары, Мурат Салихов көчөсү, 33/1;
  • Талас шаары, Дзержинский көчөсү, 28.

Аралыктан добуш берүүгө байланыштуу бардык суроолор боюнча 1255 ишеним телефонуна чалса болот.

Белгилей кетсек, 17-ноябрда 264 жергиликтүү кеңешке, анын ичинде 33 шаардык, 231 айылдык кеңешке депутаттарды шайлоо өтөт. БШК шайлоого аралыктан добуш берүү үчүн арыздарды кабыл алуу мөөнөтүн 5-ноябрга чейин узарткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: