super.kg logo

Ташиев жаңыланган "Манас" спорт комплексинин ачылышына катышты (видео)

 

Кара-Балта шаарынын жаңыланган «Манас» спорт комплексинин ачылыш аземи орун алды. Кечээ, 2-ноябрда өткөн иш-чарага Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев катышты.

"Өлкөнүн булуң-бурчунда спорттук инфратүзүмүнүн өнүгүшү жана обьектилерди оңдоп-түзөө иштери түздөн-түз президент Садыр Нургожоевич Жапаровдун берилген тапшырмасынын негизинде ишке ашып жатат. Бул келечек муунга, балдарыбызга, спортчуларыбыздын өнүгүшүнө мыкты шарттарды түзүп берүү үчүн ишке ашууда", - деди КФБ башчысы.

Спорт комплекс Кара-Балта шаарынын атынан чыккан «Кыргызалтын» клубунун окуу-машыгуу базасы болуп саналат. Ал 4,92 гектар аянтты ээлеп, үч кабаттуу мейманкана имаратын, жеңил атлетика үчүн кышкы манеж, жабык бассейнди, бокс жана күрөш залдарын, толук көлөмдүү футбол оюн талаасын жана эки кичи футбол аянтчасын камтыйт.

Негизги оюн талаасы гибриддик газондуу, 2150 орундуу көрүүчүлөр трибунасы жана VIP-трибуна менен жабдылган. Жаңы жарык берүүчү шам чырактар футболук беттештерди жана иш-чараларды кечки убакытта өткөрүүгө мүмкүндүк берет. Комплексте 100 орундуу унаа токтотуучу жай бар.

Кыргыз футбол биримдиги тараткан маалыматка ылайык, реконструкция үчүн Кара-Балта мэриясынын бюджетинен 68,5 миллион сом, жергиликтүү бюджеттен 67,8 миллион, ЖАК «Кыргызалтын» тарабынан 47 миллион сом, Кыргыз футбол биримдигинен 33 миллион сом каражат бөлүндү.






03.11.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: