super.kg logo

Кыргыздын Түркмөнстандагы мурдагы элчиси Акматбеков дүйнө салды

 

Коомдук ишмер, Кыргызстандын Түркмөнстандагы мурдагы элчиси Зарылбек Акматбеков 81 жашында көз жумду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Акматбеков 1943-жылы 18-августта Чүй облусунун Монолдор айылында төрөлгөн.

Мамлекеттик кызматта 1970-жылдан тартып иштеген. 1995-2000-жылдары Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты болгон.

1970-1973-жылдары Ош облустук кургак учукка каршы диспансеринде дарыгер-ординатор болуп иштеген.

1973-1995-жылдары өлкөнүн ар кайсы райондук ооруканаларында жана медициналык мекемелерде башкы дарыгер болуп эмгектенген.

1995-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынына депутат болуп шайланып, саламаттыкты сактоо жана экология боюнча комитеттин төрагасы болгон.

2001-2008-жылдары Кыргызстандын Түркмөнстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп эмгектенген.

Зарылбек Акматбеков узак жылдар бою өтөгөн кызматы үчүн “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери”, саламаттыкты сактоонун мыктысы деген наамдарга ээ болгон жана “Даңк” медалы менен сыйланган.

"Тышкы иштер министрлигинин жамааты көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, саясатчы, дипломат Акматбеков Зарылбек Акматбековичтин жаркын элесин түбөлүккө эстеп калат. Орду толгус жоготуунун азабын жана кайгысын тең бөлүшөбүз" деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: