super.kg logo

Өзбекстанда баласын сатууга аракет кылган ата-энеге сот чечими чыкты

 

Өзбекстандын Жизак шаарында үч жаштагы баласын сатууга аракет кылган ата-энеге сот чечими чыкты. Бул боюнча аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалым болгондой, алар 3 жаштагы баласын сатууга аракет кылып жаткан учурда кармалган. Баланы 3 миллион сумга баалашканы айтылат.

"Алардын иши Жизак шаарынын сотунда каралган. Соттун чечимине ылайык, айыпталуучу Кылмыш-жаза кодексинин 135-беренеси (Адам сатуучулук) боюнча күнөөлүү деп табылып, сегиз жылга эркинен ажыратылды. Баланын энеси дагы ошол эле берененин негизинде, Кылмыш-жаза кодексинин 57-беренесин колдонуу менен соттолду. Ал абакка алты жылга кесилди" деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: