super.kg logo

Аскат Алагөзов жаңы курулуп жаткан автобекет качан ишке берилерин айтты (видео)

 

Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жаңы курулуп жаткан "Ош базары" менен батыш автобекетинин курулуш иштери тууралуу билдирүү калтырды.

Ал билдиргендей, аталган мекемелер заманбап талаптарга ылайык курулуп жатат.

"Соода кылгандардын баарына заманбап талаптарга ылайык, ыңгайлуу шарттары менен курулуп жатат. Дренаждык системасы дагы заманбап талаптарга жараша курулууда. Автобекет болсо эң акыркы үлгүдөгү жабдыктар менен камсыздалат.

Буюрса, автобекет келерки жылдын май-июнь айларында ишке берилет. Келечекте шаардын так ортосу болот" деп жазды Алагөзов.

Белгилей кетсек, 23-октябрда батыш автобекети, анын ичинде "Ак-Жол" кичи автобекети ишин толугу менен токтоткон.

Нарын жана Ысык-Көл облустарына каттамдар Алма-Ата 1/1 дарегинде жайгашкан "Бишкек автобекетинен" кетип жатат. Ал эми Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас облустарына каттамдар Бишкектин батыш тарабындагы жаңы "Ак-Кула" ат майданы курула турчу аймактан жөнөйт.

Жаңы ачылган автобекеттерде жүргүнчүлөрдү шаарга жеткирүү үчүн пилоттук негизде такси кызматы ишке кирген.






03.11.24

03.11.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: