super.kg logo

Кыргызгидромет аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү таратты 

 

5-8-ноябрь күндөрү өлкө аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул туурасында Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүндө айтылат.

Ага ылайык, 6-ноябрда күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы төмөндөйт.

7-8-ноябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы кескин төмөндөйт:

  • Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5°, күндүз -1° …+4°,
  • Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6°, күндүз -3° …+2°,
  • Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн +1…+6°, күндүз +4…+9°
  • Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -1…-6°, күндүз 0…+5°,
  • Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -1…-6°, күндүз -1° …+4°
  • Республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -4…-9°, күндүз -1…-6°, бийик тоолордо түнкүсүн -11…-16°, күндүз -3…-8° градуска чейин төмөндөйт.

Өлкөнүн айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 18-23 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: