super.kg logo

Жумгалда окуучуларды мектепке ташуу үчүн эки кичи автобус берилди

 

Жумгал районунун Миң-Куш, Кең-Суу айылынын окуучуларын мектепке ташуу үчүн эки кичи автобус берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.

Кабарга ылайык, ал үчүн райондун өнүктүрүү фондунан 4,5 миллион сом бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, Кең-Суу айылында мектеп жок болгондуктан айылдын 30дан ашык окуучусу 15 чакырым алыстыктагы Табылгыты айылындагы И.Орозалиев атындагы орто мектепке барып келип окушат.

Балдарды ташыган эски автоунаа тар жана муздак болгондуктан бир топ ыңгайсыздык жаратчу. Миң-Куш айылынын балдары дагы 3-4 чакырым алыстыкка жөө барып келип окушчу.

Бүгүнкү күндө Кең-Суу айылына жаңы мектеп курулуп жатат. Таза суу системасы киргизилүүдө.

Облус жетекчиси Алтынбек Эргешов Кең-Суу айылына курулуп жаткан орто мектептин курулуш иши жай жүрүп жатканын белгилеп, иш ыргагын тездетүүнү тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: