super.kg logo

Иранда студент кыз токмоктолгондон кийин жылаңачтанып көчөгө чыкты (видео)

 

Ирандын Тегеран шаарында туура эмес кийингени үчүн коопсуздук кызматкерлери тарабынан сабалган кыз жылаңачтанып алып көчөгө чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда Ирандагы университеттин короосунда ич кийимчен отурган кыздын видеосу тараган. Кийинчерээк университеттин кызматкерлери анын кармалганын тастыктаган.

Учурда кыздын аракеттеринин чыныгы себептери такталууда. Башка нерселер менен катар студенттин психикалык оорусунун версиясы дагы каралууда.

Ирандын жергиликтүү басылмалары студент кыз жоолукту туура эмес салынганы үчүн коопсуздук кызматкерлери тарабынан куугунтукталганын жазышты.

Белгилей кетсек, Иранда бардык аялдар чачын жоолуктун астына жашырып, кенен кийим кийүүгө милдеттүү.






Иранда студент кыз жылаңачтанып көчөгө чыкты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: