super.kg logo

Молдовадагы президенттик шайлоодо Майя Санду алдыга чыкты. Ал өзүнүн жеңишин жарыялады

 

Молдовада президенттик шайлоо өтүп, алдын ала эсептөөлөр боюнча, учурдагы президент Майя Санду алдыга чыкты.

Европа менен жакындашууну жактаган өлкөнүн азыркы президенти билдирүү жасап, шайлоочуларга ишеним көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирип, бүгүн Молдова жеңишке жеткенин билдирди.

"Молдова, сен жеңдиң! Биздин татыктуу келечек үчүн добушубузда эч ким утулган жок. Баарыңар үчүн президент болом деп сөз берем”, - деген ал.

Жергиликтүү убакыт боюнча, түнкү саат экиге карата алынган маалыматка караганда, шайлоо участкаларынын 98,8 пайызынын добуштары саналып бүттү. Анда Санду дээрлик 55 пайыз добуш топтогон, анын атаандашы республиканын мурдагы башкы прокурору Александр Стояногло 45 пайыздан бир аз көбүрөөк добуш алды.

Учурдагы президент чет өлкөдө жашаган молдовалыктардын добушунун аркасында жеңишке жетти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: