super.kg logo

Дүйнөдөгү эң чоң крокодил 120 жыл жашап өлдү

 

Австралияда дүйнөдөгү эң чоң крокодил өлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, жаныбардын аты Кассиус. Ал болжол менен 120 жыл жашаган.

Аталган жаныбарды баккан уюмдун маалыматы боюнча, Кассиустун ден соолугу 15-октябрда начарлап кеткен. Адистердин айтымында, ал жапайы жаратылышта жашаган крокодилдерге караганда көп жашаган.

"Ал жөн гана крокодил эмес, биздин үй-бүлөбүздүн кымбат мүчөсү болуп калган", - деп билдирүү калтырган аталган мекеме.

Жырткыч жандык 1984-жылы Австралияда кармалган. 1987-жылдан бери ал Грин аралындагы "Marineland Melanesia" паркында багылып келген. Крокодилдин узундугу 5,48 метр, салмагы 998 килограмм болгон. 2011-жылы Кассиус туткунда болгон дүйнөдөгү эң чоң крокодил катары Гиннесстин рекорддор китебине кирген. Ошондой эле туткундагы эң улгайган крокодил болуп дагы эсептелинген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: