super.kg logo

Газада эки күндө 50дөн ашуун бала набыт болду

 

БУУнун ЮНИСЕФ агенттиги кабарлагандай, Газа тилкесинин түндүгүндөгү Жабалияда жума жана ишемби күндөрү 50дөн ашык бала набыт болду.

ЮНИСЕФтин аткаруучу директору Кэтрин Расселдин айтымында, ишемби күнү каза болгондор жүздөгөн адамдар баш калкалаган эки турак жайды аткылаганда болгон.

Ал ошондой эле ишемби күнү Газа тилкесинде полиомиелитке каршы эмдөө кампаниясынын кызматкерлерине эки кол салуу болгонун айтты: бир учурда ЮНИСЕФтин кызматкерлеринин унаасы аткыланган, бирок эч ким жабыркаган эмес; экинчисинде эсклавдын түндүгүндөгү Шейх Радвандагы эмдөө клиникасынын жанында кеминде үч бала жарадар болгону кабарланууда.

Рассел бул кол салууларды "Газа тилкесиндеги жайкын тургундарды басмырлоосуз бутага алуунун оор кесепеттеринин дагы бир мисалы" деп атады. Ал ошондой эле Израилди ЮНИСЕФтин кызматкерлерине “кол салууга байланыштуу жагдайларды тез арада иликтөөгө” чакырды.

Палестина бийлиги да шейх Радвандагы кол салууну айыптап, алты адам жараланып, алардын төртөө жаш бала болгонун билдирген.

Израил менен ХАМАСтын ортосундагы согуш 2023-жылдын октябрында башталгандан бери Газа секторунун саламаттыкты сактоо органдарынын маалыматы боюнча, 43 миңден ашуун палестиналык, негизинен аялдар жана балдар набыт болуп, 101 миңден ашууну жарадар болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: