Акылбек Жапаров: "Мектеп жалкоолордун иштей турган жери эмес"
"Мугалимдерди ишине кызыктырып, шыктандырабыз". Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Ал "Адамдык капитал жана туруктуу өнүгүү" аталышындагы улуттук форумда сүйлөп жатып, бүгүнкү күндө мугалимдердин окутуучулук жөндөмүн ойготуу башкы милдеттердин бири экенин айтты.
"Бул үчүн күчүбүздү да, каражатты да аябайбыз. Дароо айтып коёюн, мектеп артта калгандардын, жалкоолордун иштей турган жери эмес. Биз андайлардан кескин түрдө арылабыз", - деди Жапаров.
Ошондой эле ал учурда билим берүү системасы заман талабына жараша өзгөрүп, окуу куралдары жаңыланып жатканын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

