Перуда футболчуларга чагылган тийип, бирөө каза болду (видео)
Перуда футболчуга чагылган тийип, ал алган күйүгүнөн улам каза болду. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Окуя Перунун Хуанкайо шаарында өткөн "Ювентуд Беллависта" жана "Фамилия Чиокко" клубдарынын беттешинин 23-мүнөтүндө болгон. Беттеш учурунда катуу жамгыр жаагандыктан команда оюнчулары талаадан чыга баштаган. Дал ушул учурда чагылган 35 жаштагы коргоочуга тийген.
Оюнчулар ооруканага жеткирилген, бирок чагылган тийген коргоочу Де ла Круз Меза каза болгон. Чагылган түшкөндө коргоочунун жанында болгон дарбазачы жана башка оюнчулар катуу күйүк алышкан.
Перуда футболчуга чагылган тийип каза болду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:54
2025-06-26

9:9
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.