super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров жан башына өлкө ИДПсынын үлүшү 2,5 миң долларга жетерин айтты

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров былтыр өлкө ИДПсы 1,2 триллиондон ашканын, быйыл 1,5 триллион сомдон өтөрү күтүлүп жатканын айтты. Ал бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда "Адамдык капитал жана туруктуу өнүгүү" аталышындагы улуттук форумда сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

"Киши башына ИДП 2 миң 500 доллардын тегерегин түзөт. Ошону менен 4 жылда ИДП эки эсе көбөйдү десек болот. Өлкө бюджети 3 жылда 3 эсеге көбөйдү. 2020-жылы 247,7 миллиард сом болсо, 2024-жылы 660 миллиард сомдон ашарын жакшы билесиздер", - деди өкмөт башчы.

Ошондой эле ал өлкөнү башкаруу идеологиясынын 3 принциби болуп мамлекеттин бүтүндүгүн, элдин биримдигин жана салык төлөө милдети экенин кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: