super.kg logo

Иран Израилге чоң масштабдагы чабуул пландап жатканы айтылды

 

АКШнын Израилге жооп кайтаруу тууралуу эскертүүлөрүнөн улам, Иран жана башка араб өлкөлөрү АКШдагы президенттик шайлоодон кийин Израилге массалык чабуул жасоону пландоодо. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Израилге жаңы чабуул 5-ноябрда АКШдагы президенттик шайлоодон кийин, бирок 2025-жылдын январында жаңы президенттин инаугурациясына чейин жасалат.

Масштабдуу чабуул Ирак аркылуу жасалышы мүмкүн. Бул чабуул өткөндөгүдөн бир топ масштабдуу болот.

Ошол эле учурда чабуулга бир гана Ислам революциясынын сакчылар корпусу эмес, армиянын жоокерлери да тартылат.

Эске сала кетсек, 26-октябрга караган түнү Израилдин Коргоо күчтөрү Ирандагы аскерий объектилерге кол салууларды жарыялаган. Маалымат каражаттарынын маалыматына караганда, Израиль Иранга кол салуу үчүн 100дөн ашык учакты, анын ичинде F-35 истребителин колдонгон.

Кийинчерээк Израил Иранга кол салуу боюнча расмий билдирүү жасады. Анда алар бул кол салууну "миссия аткарылды" деп эсептей турганын билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: