Индонезиядагы Левотоби жанар тоосунун атылышынан 10 адам каза болду (видео)
Индонезиянын Чыгыш Нуса-Тенггара провинциясында Левотоби жанар тоосу атылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Натыйжада Клатанло кыштагында 10 адам набыт болгон. Айылдагы бир нече үй талкаланган.
Атылуу жекшемби күнү кечинде башталып, ал ысык таштар менен күлүн чачыраткан. Левоботиге жакын конуштарда өрт чыгып, электр жарыгы өчүрүлгөн.
Коркунучтун абалы эң жогорку деңгээл катары бааланды. Ал эми жанар тоонун жанындагы эвакуациялар 7 чакырым радиуста жүргүзүлөт.
4.11.2024
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:54
2025-06-26

9:9
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.