Казакстан Ливандан өз жарандарын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн эвакуациялады
Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу казакстандыктар өз мекенине Ливандан кайтып келишкен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Казакстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, алар Стамбул жана Дубай аркылуу чыгарылды. Эвакуация 17-октябрдан 31-октябрга чейин болгон.
"41 адам Бейруттан Астана менен Алматыга аман-эсен кайтып келишти", - деп билдирген Казакстандын ТИМи.
Белгилей кетсек, октябрдын башында аталган министрлик Ливандагы жана Израилдеги казакстандыктарды мүмкүн болушунча тезирээк өз элчиликтери менен байланышып, бул өлкөлөрдөн кетүүгө ниети бар же жок экенин билдирүүгө чакырган. Ал кезде Ливанда 139 казакстандык болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

9:9
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.