super.kg logo

Майк Тайсон 26 жаштагы Хасбикти кичинекей бала деп ойлоп өпкүлөгөнүн айтты (видео)

 

Легендарлуу америкалык мушкер Майк Тайсон All The Smoke Fight YouTube каналына Хасбик деген каймана ат менен белгилүү орусиялык блогер Хасбулла Магомедов менен жолугушуусу тууралуу айтып берди.

Алар өткөн жылы Тайсондун шоусу тартылып жаткан жеринен көрүшкөн. Анда Тайсон 26 жаштагы Хасбик менен кичинекей бала менен ойногондой ойноп, андан кийин кучактап өпкүлөгөн. Мушкердин айтымында, ал Хасбикти наристе бала деп ойлогон.

"Мен аны наристе бала деп ойлоп, менен жаш баладай ойногом, кучактап өпкүлөгөм. Мен жаш балдарга дайыма ушундай мамиле кылам. Көрсө, ал 26 жашта экен. Мен чын эле билген эмесмин жана муну камера үчүн кылган эмесмин", - деген Тайсон.

26 жаштагы Хасбик генетикалык оорудан улам беш жаштагы балага окшош. Анын бою учурда 98 сантиметр.






Майк Тайсон Хасбикти жаш бала деп ойлоп өпкүлөдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: