Кыргызстанда эки жылда сабизди экспорттоо 2 эсеге көбөйдү
Сабиздин өндүрүшү акыркы төрт жылдын ичинде 30 миң тоннага чейин жогорулаган. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, мындан төрт жыл мурун сабиздин өндүрүшү 155 миң тоннаны түзсө, азыр анын көлөмү 185 миң тоннаны түзөт.
Ага ылайык, Кыргызстанда өстүрүлгөн сабиз таза, органикалык жол менен өстүрүлгөн улам жана органикалык жер семирткичтер колдонулгандыгына байланыштуу анын экспорту да жылдан жылга көбөйүүдө.
Белгилей кетсек, 2019-жылы 17 миң тонна сабиз экспорттолсо, учурда анын көлөмү 30 миң тоннадан ашат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.