super.kg logo
  Саясат  

"Тамаша эмес..." Камчыбек Ташиев кыргызстандыктарды көп балалуу болууга чакырды

 

Бүгүн, 4-ноябрда Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев Нарын шаарында жаңы курулган Керемет бала бакчасынын ачылышына катышып жатып, кыргызстандыктарды көп балалуу болууга чакырды.

Ал өлкөнүн коопсуздугу элинин санынан көз каранды экенин белгиледи.

"Бул тамаша эмес, олуттуу маселе. Мамлекеттин коопсуздугу анын элинин санына жараша болот. Элибиздин саны өсмөйүнчө коопсуздугубузду сактай албай калышыбыз мүмкүн. Дүйнөдө канчалаган өзгөрүүлөр болуп жатат. Тегерегибизде канчалаган чоң мамлекеттер бар. Алардын элинин саны көп. Биздики аз болуп жатат", - деди Ташиев.

УКМК жетекчиси өкмөт балдар үчүн бардык шарттарды түзүүгө аракет кылып жатканын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: