super.kg logo
  Саясат  

"Мамлекетибизди криминалдар басып кеткен". Ташиев Нарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү калбаганын айтты

 

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын облусунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү калбаганын билдирди. Ал бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда Нарын шаарына жасаган иш сапарында айтты.

"Мамлекетибизди криминалдар басып кеткен. Кайсы жерге барбагын ошол жердин "положенеци", "смотрящийи", "вор в законеси" болуп кеткен. Алар кимдер болгон? Спорттогу күчтүү балдар топтошуп кетишкен. Андай болбошу керек, спортчулар залдын ичинде спортчу болушу керек. Мына Нарындан дагы ар дайым кабар алып, сурап турам, "бандиттер калдыбы?" десем, "калган жок" деп жатышат", - деди Ташиев.

Эске салсак, буга чейин УКМК жетекчиси 31-октябрда Ошко болгон иш сапарында дагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө аёосуз күрөш жүрүп жатканын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: