Өзбек футболчусу Орусиянын АФКга кошулушуна каршы чыкты
Коңшу Өзбекстандын футбол боюнча улуттук курамасынын коргоочусу Рустам Ашурматов Орусия курамасынын Азия конфедерациясына өтүшүнө каршылыгын билдирди. Бул тууралуу "Чемпионат" басылмасы жазды.
"Менин оюмча Орусия курамасы Азия конфедерациясына керек эмес. Эмнеге? Мен Орусия курамасы Европага кайра кирерине ишенем. Андыктан Азияга өтүүнүн кереги жок. Орусия курама командасы Азиянын эң мыкты командасы боло алат. Бул жакта көптөгөн жакшы жана сапаттуу футболчулар бар", - деген ал.
2022-жылдын февралында Украинада жаңжал башталгандан кийин Орусия курама командасы жана орус футбол клубдары эл аралык турнирлерден четтетилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.