Шаардык сот Имамидин Ташовдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча арызын кароодон баш тартты
Бүгүн, 4-ноябрда Бишкек шаардык сотунда "KG Group" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча соттук отурум болду. Сот залына айыпталуучу алынып келинген жок.
Ал эми ишкердин адвокаты Самат Матцаков шаардык сот бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча арызды кароодон баш тартканын билдирди.
"Шаардык сот апелляциялык арызды кароодон баш тартты, чечим өзгөрүүсүз калды" - деди ал.
Белгилей кетсек, 30-октябрда ишкер Имамидин Ташов тергөө абагында өзүнө кол салды деген маалымат тараган. Аталган окуя боюнча УКМК маалымат берип, Ташов коомчулуктун көңүлүн буруу максатында атайылап өзүнүн ден соолугуна залал келтиргенин билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:59
2025-05-20
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.