super.kg logo
  Саясат  

Профсоюз тарабынан 2 миллиард сомдон ашык мыйзам бузуулар аныкталды

 

Эсеп палатасы Кыргызстан профсоюздар федерациясынын ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыгында 2 миллиард сомдон ашык каржылык мыйзам бузууларды аныктады. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, мекеме президенттин тапшырмасы боюнча 2013-2022-жылдарга тематикалык аудит өткөрдү. Анда санаторийлерди, пансионаттарды жана башка кыймылсыз мүлктөрдү сатуу жана менчиктештирүү, ошондой эле баштапкы профсоюз уюмдарында ижаралык мамилелерди жана мүчөлүк акылардан түшкөн каражаттардын пайдаланылышын текшерүү маселелери каралды.

"Текшерүүнүн жүрүшүндө 2 миллиард 58 миллион 585 миң сомдук жана 25,6 миң долларлык каржылык мыйзам бузуулар аныкталган", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: