super.kg logo

Азимбек Бекназаров абактан чыкты

 

Саясатчы Азимбек Бекназаров эч жакка чыкпоо тил каты менен абактан чыкты. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту бүгүн, 4-ноябрда кабыл алган.

Судья УКМКнын тергөөчүсүнүн баш коргоо чарасын үй камагына алмаштыруу өтүнүчүн канааттандырган эмес.

Белгилей кетсек, 12-сентябрда УКМК Азимбек Бекназаров “2010-жылы Апрель окуяларында банк кутучаларынан жана өкмөт үйүнөн алынган акчаны уурдоо жана коротуу фактысы” боюнча кармалганын билдирген. Андан соң райондук соттун чечими менен камакка алынган. Саясатчы Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда. Ал өзүнүн кармалышын саясий негизде деп эсептей турганын билдирген.

Кийин Бекназаров президентке кайрылып, 1 миллион долларды кымырып алган деген маалыматты мурда депутаттык комиссия жана прокуратура текшерип, мыйзам бузуу таппаганын айткан. Жакындары болсо өлкө башчыдан аны үй камагына чыгарууну өтүнгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: