super.kg logo

Бишкекте Алыкул Осмоновдун үй-музейи оңдоодон кийин ачылды (фото) 

 

Бүгүн, 4-ноябрда Бишкекте кыргыздын залкар акыны Алыкул Осмоновдун үй-музейинин салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.

2024-жылы Алыкул Осмоновдун үй-музейи Бишкек шаарынын мэриясынын карамагына өткөрүлгөн. Үйдө масштабдуу реконструкциялоо жана музейлештирүү иштери жүргүзүлүп, анын натыйжасында музей мейкиндиги тарыхый аныктыгын сактоо менен заманбап көрүнүшкө ээ болду.

Ачылыш аземде Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев куттуктоо сөз сүйлөп, маданий мурастарды сактоо жана агартуучулук иш-чаралардын маанилүүлүгүн белгиледи.

Оңдоп-түзөө иштерине Мамлекеттик тарых музейинин адистери салым кошкон.

"Бишкек шаарынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, үй-музейдин аймагында билим берүү жана маданий иш-чаралар өтүүчү жайга айлана турган жаңы өзүнчө окуу залы пайда болду. Иш-чаранын катышуучулары да ошол жерге каалоо-тилектерин калтырышты.

Оңдоп-түзөөдөн өткөн Алыкул Осмоновдун үй-музейинин ачылышы шаардын маданий мейкиндигин гана кеңейтпестен, келген конокторду Кыргызстандын руханий мурасы менен тааныштырып, акындын улуттук адабиятка кошкон салымын түбөлүккө калтырат", - деп билдиришти мэриядан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: