super.kg logo

Казакстанда герб менен желек таштандыга ыргытылган. Полиция кылмыш ишин козгоду

 

Коңшу Казакстандын Талгар районунун Эркин айылында жергиликтүү тургундар таштанды таштоочу жайдан Казакстандын мамлекеттик символикасын табышты. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Жергиликтүү тургундар муну өлкөгө жана анын символикасына болгон сый-урматка шек келтирүү жол берилгис жана кемсинтүү аракети экенин айтып, арызданышкан.

"Жооптуу органдарга кайрылып, иликтөө жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү таап, жазалоону жана мындай көрүнүш кайталанбасын камсыздоону суранабыз. Полиция менен акимчиликти тез арада чара көрүп, адилеттикти калыбына келтирүүгө чакырабыз", - дешкен жергиликтүү тургундар.

Бул боюнча Алматы облустук ички иштер башкармалыгы кылмыш ишин козгогон.

"Иликтөө иштери жүрүп жатат. Талгар райондук полиция кызматкерлери окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн зарыл болгон ыкчам иш-чараларын баштады", - деп билдирген Алматы облустук полициясы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: