Нарында көпүрөдөн секирди делген 17 жаштагы кызды издөө эртең улантылмай болду
Нарын шаарынын кире беришиндеги көпүрөдөн Нарын сууга секирди делген 17 жаштагы кызды издөө иштери эртең улантылат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Андагы маалыматка ылайык, бүгүн, 4-ноябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынан 5 куткаруучу, Нарын шаардык №16 ӨКБдан 30 куткаруучу, кошумча күч катары Ак-Талаа райондук ӨКБдан 10 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 10 адам, жалпы 55 адам тартылган.
Бүгүнкү издөө ишинен жыйынтык болбогондуктан эртең кайрадан улантылат.
Маалым болгондой, Нарын шаарында 2-ноябрь күнү, Жаңы-Жол тилкесиндеги көпүрөдөн 2007-жылы туулган Т.Э. аттуу өспүрүм кыз Нарын дарыясына секирип кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.