super.kg logo

"Хезболла" Израилдин базаларын аткылоону баштады

 

Ливандын “Хезболла” кыймылы оккупацияланган аймактарда жайгашкан Израилдин төрт аскерий базасын жана 14 конушун аткылаганын жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

ХАМАС Телеграм каналында маалымдалгандай, "Хезболла" Израилдин аскерий адистери жана техниктери даярдалган Хайфада жайгашкан аскердик-аба күчтөрүнүн техникалык базасына биринчи жолу чабуул жасады.

Дрондор Хайфанын түштүгүндөгү Элиаким базасына да кол салышты. "Хезболланын" айтымында, буталар "жогорку тактык менен" атылды. Ракеталык соккулар башка аскердик объектилерге, анын ичинде Нетани чыгышындагы Бейт Лид базасы жана Хайфанын сыртындагы Зевулун базасына да тийген.

"Кол салуулар ошондой эле басып алынган аймактардагы 14 калктуу конушка жана ага жакын жайгашкан аскерий объекттерге тийип, натыйжада израилдик аскерлер жарадар жана каза болгон", - деп айтылат "Хезболла" билдирүүсүндө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: