"Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди (видео)
Аба ырайынын кескин начарлашынан улам "Сосновка" постунда саат түнкү 02:15тен тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Азырка тапта №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, кум себүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда Транспорт министрлигинен билдиришти.
Ушундай эле кырдаал Өтмөктө орун алып, инерттик материалдар чачылууда. Жол ачык, каттам бар.
"Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жайкы дөңгөлөк жана чынжыры жок чыккан унаалар жасалма тыгын менен атайын техникалардын иштешине тоскоолдук жаратып жатканын билдирет", - деп айтылат маалыматта.
05.11.2024
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.