super.kg logo

Түндүк Корея дагы 7 ракетасын Японияны көздөй учурду

 

Түндүк Корея бир жумада экинчи жолу баллистикалык ракета учурду. Бул тууралуу Япониянын Коргоо министрлигине таянып чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, ракета Япония деңизин көздөй учкан.

Япониянын Жээк коопсуздугун коргоо кызматы баллистикалык ракета жергиликтүү убакыт боюнча 07:55де конгонун билдирген.

Кийинчерээк өлкөнүн коргоо министри Ген Накатани Түндүк Корея 400 чакырым алыстыкка жана 100 чакырым бийиктиктей алчу 7 баллистикалык ракета учурганын, алардын бардыгы мамлекеттин өзгөчө экономикалык аймагынан тышкары жерлерге түшкөнүн билдирди.

Белгилей кетсек, 31-октябрга караган түнү Түндүк Корея өзүнүн эң жаңы континенттер аралык баллистикалык ракетасы "Хвасон-19ду" учурган. Түндүк Корея тараптын билдирүүсүнө караганда, Пхеньян ракетанын “сокку күчү боюнча абсолюттук артыкчылыгын” көрсөтүү үчүн “критикалык сыноо” өткөрдү. Андан кийин ракета Хоккайдодогу Окушири аралына, ошондой эле Япониянын өзгөчө экономикалык аймагынан тышкары жерге кулаган.

Ал арада Түндүк Кореянын баллистикалык ракета учуруусуна жооп иретинде АКШ менен Түштүк Кореянын аскерлери машыгуу өткөрүшөрү айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: