super.kg logo

БШК: Токтогул шаардык кеңешине талапкер Дүйшөналиев камактан бошотулду

 

Жалал-Абад шаардык соту Токтогул шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Болотбек Дүйшөналиевди эч жакка чыкпоо тил каты менен камактан бошотту. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кечээ, 4-ноябрда сот Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн Дүйшөналиевдин бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүчүн карап, канааттандырган. Ошондой эле БШК ал күнү Токтогул аймактык шайлоо комиссиясына милициядан аны кылмыш жообуна тартууга макулдук берүү боюнча кайрылуу келип түшкөнүн, учурда ал каралып жатканын кошумчалады.

Буга чейин БШК "Жергиликтүү кеңеш депутатын шайлоо жөнүндө" мыйзамы боюнча каттоодон өткөн талапкер шайлоонун жыйынтыгы расмий жарыяланганга чейин кылмыш жасап жаткан жеринен кармалбаса камакка алынбай турганын, аны жоопкерчиликке тартуу үчүн шайлоо комиссиясынын макулдугу керектигин маалымдаган.

SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук милициясы ал 2-ноябрь күнү Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык баш аламандыктар) менен шектелип кармалганын ырастады.

Болотбек Дүйшөналиев Токтогул шаардык кеңештин депутаттыгына "Эркин Эл" партиясынан талапкер болуп катталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: