super.kg logo

Зеленский Курскиде Түндүк Кореянын аскерлеринин саны 11 миңге жеткенин айтты

 

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын Курск аймагында Түндүк Кореядан келген аскер кызматкерлеринин саны көбөйгөнүн билдирди. Анын айтымында, аймакта Түндүк Кореянын 11 миң жоокери бар. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Ал бул маалыматты Коргоо министрлигинин Башкы чалгындоо башкармалыгы менен Тышкы чалгындоо кызматынан алганын билдирген.

Буга чейин мамлекет башчысы АКШ, Улуу Британия жана Германия "керектүү аралыктын ордуна жөн эле Түндүк Кореянын аскерлеринин украиндерге сокку уруп башташын күтүп жатышат” деп нааразы болгон.

Европа биримдигинин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел 4-ноябрда Түштүк Кореяны Украинаны колдоону күчөтүүгө чакырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: