super.kg logo

Панамалык 19 жаштагы кыз "Аалам сулуусу" сынагынан четтелди 

 

Жакында өтө турчу "Аалам сулуусу" сынагынан Панамадан келген 19 жаштагы катышуучу конкурстан четтетилди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Андагы маалыматка ылайык, 19 жаштагы модель Итали Мора кетирген кемчиликтери үчүн сынакка катыша албайт. Бирок сынактан кайсыл кемчилиги үчүн кетери так айтылган эмес.

"Аалам сулуусу уюму сынактын жүрүшүндө купуялуулуктун жана сый-урматтын сакталышын маанилүү деп эсептейт. Биздин сынак көп жылдар бою дүйнө жүзүндөгү аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзүп келет. Бул уюмдун бүтүндүгүн жана катышуучулардын ыңгайлуулугун сактоо үчүн этикалык принциптер, купуялуулук жана сый-урмат өтө маанилүү. Биз ар бир катышуучудан Панамадан келген кызыбыздын жеке жашоосун купуя кармоону суранабыз" - деп билдирүү калтырган аталган сынактын уюштуруучулары.

Ал эми аталган окуяга Панама өлкөсүнүн президенти Сесар Анель Родригес реакция кылып, өлкө кийинки жылы бул конкурска катышпай турганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: