super.kg logo

Өзбекстандын жараны Украинадагы согуштук аракеттерге катышканы үчүн 5 жылга эркинен ажыратылды

 

Фергана облусунун Куштепа райондук соту Өзбекстандын Алишер Холиков аттуу жараны башка мамлекет — Орусия тарабында согуштук аракеттерге катышкандыгы үчүн беш жылга эркинен ажыратылды. Өкүм 4-ноябрда чыккан. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазышууда.

Иштин материалдарына ылайык, 2023-жылдын май айында Холиков Орусияга иштөө үчүн кеткен. Ошол эле жылдын ноябрь айында Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзүп, ага ылайык бир жыл кызмат өтөөгө милдеттенген.

Соттолгон жаран фронтко жөнөтүлгөнгө чейин Орусия-Финляндиянын чек арасына жакын жайгашкан базада атайын аскердик даярдыктан өтүп, курал-жарак жана согуштук тактиканы үйрөнгөн. 2024-жылдын январында Белгород облусундагы аскердик полигонго которулуп, февраль айында Украинадагы жаңжал болгон аймакка жөнөтүлгөн.

Согуш учурунда Холиков учкучсуз учактан атылган снаряддан оор жаракат алган. Ал Москва районундагы ооруканага жеткирилип, бир айга жакын дарыланган. Үстүбүздөгү жылдын июль айында ал Өзбекстанга кайтып келип, укук коргоо органдары тарабынан кармалган.

Анын соту кечээ, 4-ноябрда өттү. Холиковдун күнөөсүн моюнуна алганын жана тергөө менен кызматташканын эске алуу менен ал беш жылга эркинен ажыратылып, жалпы режимдеги колонияда жазасын өтөйт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: