Алматынын тоолуу райондорунда жер титирөө болду
Бүгүн, 5-ноябрда Алматыдан 33 чакырым чыгыш тарапта Талгар районунун тоолорунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер титирөө саат 10:01де Алматы облусунда жана Алматы шаарында катталганын билдирди.
Жер титирөө Алматыда 3 балл, Талгар жана Есик айылында 4 балл, Түрген, Өтеген-Батыра айылдарында 3 балл, Боралдай, Байдибек би, Ж.Кайыпов айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Ал эми Алатау жана Каскелен шаарларында күчү 2 баллга жеткен жер титирөө сезилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.