super.kg logo

Алжирдик мушкер Иман Хелифтин чуулгандуу окуясы боюнча жаңы маалыматтар белгилүү болду

 

Алжирдик бокс боюнча Олимпиада чемпиону Иман Хелиф биологиялык эркек экени тууралуу медициналык далилдер пайда болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Reduxx билдиргендей, француз журналисти Жаффар Айт Аудиа Иман Хелифтин чындыгында эркек экенин далилдеген далилдерди тапкан.

Маалым болгондой, спортчунун урук бези бар экени аныкталып, жатыны жок болуп чыккан. Гормоналдык тесттин натыйжалары Хелифте тестостерондун деңгээли жогору экенин көрсөткөн.

Иман Хелиф 66 килограммга чейинки категорияда финалда кытайлык Ян Люну жеңип, Олимпиаданын алтынына ээ болду. Калыстар бир добуштан жеңишти Алжирдин өкүлүнө берген.

Индияда Эл аралык бокс ассоциациясы (IBA) уюштурган Дүйнө чемпиондугунда Хелиф гендердик тесттен өтпөй калган. Тайвандын өкүлү Линь Юйтин да ушундай сыноодон өтө алган эмес. Ага карабастан Эл аралык Олимпиада комитети эки спортчуга тең Олимпиадага катышууга уруксат берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: