super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз-түрк лидерлеринин жолугушуусунда Кыргызстанга кайсы багытта инвесторлор керек экендиги айтылды

 

“Түрк компанияларынын чакан жана орто ГЭСтерди куруу долбоорлоруна катышуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуш кылгым келет. Бул биздин бүтүндөй аймак үчүн материалдык гана эмес, экологиялык дивиденддерди да алып келет”. Мындай билдирүүсүн бүгүн, 5-ноябрда өлкө башчысы Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен болгон кеңейтилген форматта жолугушууда билдирди.

Анда Садыр Жапаров Кыргызстан бүгүнкү күндө Борбордук Азия чөлкөмүндө суу-энергетикалык ресурстарга бай өлкө экендигин белгилеп, Кыргызстандын жалпы гидроэнергетикалык потенциалы 142,5 миллиард килоВатт саатты түзсө, өлкөнүн суу-энергетикалык ресурстарын өздөштүрүү жалпы дарамети 13 пайызын гана түзүп жаткандыгын кошумчалады.

Ошондой эле мамлекет башчысы кыргыз-түрк жүк ташуучулары эки өлкөгө жүк ташуу үчүн уруксат кагаздарынын жокко чыгарылышы замандын талабы болгонун айтып, “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун, Акара-Бишкек-Анкара жанданган аба каттамын белгиледи.

Мындан тышкары Кыргыз-Түрк достугу ооруканасы ийгиликтүү курулуп жаткандыгын билдирип, трансплантация бөлүмүн жайгаштыруу үчүн оорукананын кошумча имаратын курууга түрк тараптан жардам сурады.

Ага улай Садыр Жапаров Түркия жогорку сапаттагы дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды өндүрүү боюнча дүйнөлүк лидер экенин билгилеп, Кыргызстанда түрк фармацевтикалык заводун курууну сунуштады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: