super.kg logo
  Саясат  

"Каалагандар текстин жазсын". Шакиев жаңы гимн үчүн сынак өтөрүн айтты

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жаңы мамлекеттик гимнди жазуу үчүн сынак жарыяланарын билдирди. Ал бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда журналисттер менен болгон жолугушууда айтканын парламенттин маалымат кызматы маалымдады.

"Айтыла турган айрым кептерге жана сындарга карабай өзгөртүү маселесин демилгелеп чыктым. Жакынкы аралыкта атайын жыйын өткөрүп, мамлекеттик гимнди өзгөртүү маселесин карайбыз. Жаңы гимн үчүн ачык, таза сынак өткөрөбүз. Каалагандар гимндин текстин жазсын. Башкысы гимнибиз элибизди алдыга сүрөп, өлкөбүздү даңазалап турушу зарыл. Ырдап жаткан ар бир кыргыз жараны эли үчүн, жери үчүн бардыгына даяр экендигин сезиши керек", – деген Шакиев.

Ошондой эле төрага гимндин жаңы тексти жалпы интеллегенция өкүлдөрүнүн, чыгармачыл инсандардын, окумуштуулардын жана башка кызыкдар тараптардын катышуусунда каралып, тандаларын кошумчалаган.

Эске салсак, Шакиев 25-октябрда Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чарада мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгесин көтөргөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: