super.kg logo

Трамп же Харрис? АКШда президенттик шайлоо башталды

 

Бүгүн, 5-ноябрда америкалыктар жаңы президентти шайлап жатышат. Шайлоонун жыйынтыгын билүү бир нече саатка же күнгө созулушу мүмкүн.

Американын жаңы лидеринин ролу үчүн АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп менен өлкөнүн азыркы вице-президенти Камала Харрис ат салышууда.

Демократтар партиясынан азыркы мамлекет башчысы Жо Байден экинчи мөөнөткө талапкерлигин жарыялаган, бирок 21-июлда ал талапкерлигин алып салып, вице-президент Камала Харристи колдой турганын билдирген.

Учурда өлкөдө 60-президенттик шайлоо болуп жатат, жарандар бул шайлоодо 47-президентти шайлашат. Шайлоонун жыйынтыгы 5-ноябрда кечинде чыгары күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, Америкада акыркы президенттик шайлоо 2020-жылдын 3-ноябрында өткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: