super.kg logo

Майк Тайсон түрмөдө жасаган эң чоң акылсыздыгын айтты

 

Легендарлуу америкалык мушкер Майк Тайсон көптөгөн иштерди жасаганын моюнуна алды. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышты.

Баарынан да мушкер түрмөдө кетирген катасы үчүн өкүнөрүн белгилеген.

"Башка туткундар мени сыйлап, жакшы мамиле кылышчу, бирок мен акмак элем. Бир жолу күзөтчү менен мушташып кеттим, анан менин жаза мөөнөтүм дагы узартылды. Ошондо мен түрмөдө убакыт өткөрүүнүн башка жолу болушу керек деп чечтим.

Айланамдагы адамдарды сыйлаганды үйрөндүм. Алар мага жардам беришти, бирок мен аны баалабадым. Баарын кийин ойлонуп чыккандан кийин бир аз жеңилдеп калдым", - деген Тайсон.

Майк Тайсон блогер Жейк Пол менен беттешке даярданууну улантууда. Алардын беттеши 15-ноябрдан 16-ноябрга караган түнү Техас штатында өтөт. Уюштуруучулар беттеш бокс күйөрмандарынын кызыгуусун арттырат деген ишенимде.

Майк Тайсон 1992-жылы зордуктоо боюнча айыпталып, 6 жыл абакка кесилген. Бирок ал үч жыл отургандан кийин абактан чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: