super.kg logo
  Саясат  

Эрдоган "Манас" университетине барды. Анда эмне кеп болду?

 

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жаңы окуу жайларынын ачылыш аземинде сөз сүйлөдү. Бул тууралуу түрк президентинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалымдалгандай, ал өз сөзүндө Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы бир туугандык - бекем эмен дарагындай өсүп, тамыры терең тарыхка барып такаларын, жыл сайын бул боордоштук чыңдалып, жаңы багыттар боюнча таралып жатканын белгиледи. Эрдоган билим берүү өлкөлөр ортосундагы туруктуу кызматташтыктын ачкычы экенин, бул жааттагы долбоорлор кыргыз жаштарына колдоо болорун билдирди.

Түрк лидери ошондой эле “Манас” университетинин бүтүрүүчүлөрү дүйнөнүн 45 өлкөсүндө иштеп жатканын, университеттин өзү 2022-жылдан бери эң мыкты 1000 университеттин катарына киргенин белгиледи. Ал окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамына жана студенттерине бул ийгиликке кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, жаштарды тарых, маданий баалуулуктар менен тыгыз байланышта болуп, мыктылыкка умтулууга үндөдү.

Ал өзү Түркиянын премьер-министрлик кызматын аркалаган мезгилден тарта "Манас" университетине жигердүү колдоо көрсөтүп келе жатканын баса белгиледи. Бүгүнкү күндө кампуста дагы 110 жаңы объект, анын ичинде 2 факультет, 1 институт жана 26 лаборатория ачылууда. Эрдоган долбоорго катышкан жумушчулар менен инженерлерден баштап, расмий мекемелерге чейин ыраазычылыгын билдирди.

Соңунда президент студенттерди кыялданууга үндөп, эң бийик максаттарга умтулуп, кыялдарына ишенген адам гана жашоодогу кыйынчылыктарды жеңип, ийгиликтерге жетише аларын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: