super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Эрдоганды тосуп алууда тигилген боз үйлөр Түркияга берилгенин айтты

 

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Түркия президентти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарында аны тосуп алуу үчүн тигилген боз үйлөр бардык жасалгалары менен түрк тарапка берилгенин билдирди. Ал бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда "Ынтымак ордо" президенттик администрациясында эки өлкө лидерлеринин жолугушуусунда айтты.

Жапаров кыргыз улуттук үйү эки өлкөнүн көп жылдык боордоштук мамилелеринин урматы үчүн берилип жатканын белгиледи.

"Боз үй – кыргыз эли үчүн ыйык мааниге ээ. Анкени ал адам жакындары менен жашоосун өткөргөн үй. Берилген боз үйлөр түрк тилдүү элдердин биримдигин көрсөтүп, өлкөлөрдүн ортосундагы стратегиялык мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө умтулуунун символу балуп калат деп ишенем", - деди өлкө башчы

Белгилей кетсек, Түркиянын лидери Эрдоган 4-ноябрда мамлекеттик сапар менен Бишкекке келген. Аны "Манас" эл аралык аэропортунан тигилген боз үйлөрдүн, салтанаттуу концерттик программанын коштоосунда Садыр Жапаров тосуп алган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: