super.kg logo
  Саясат  

Венгриянын премьер-министри “Ынтымак ордого” келди (сүрөттөр)

 

Бүгүн, 5-ноябрда, Бишкек шаарында президент Садыр Жапаров менен өлкөгө расмий сапар менен келген Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, “Ынтымак ордо” имаратынын флагштокторуна Кыргызстандын жана Венгриянын мамлекеттик желектери илинип, Ардак кароолдун катарын улуттук кийимчен жоокерлер толуктап турду, килемдер төшөлдү.

Садыр Жапаров менен Виктор Орбан бири-бири менен учурашып, андан соң эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды.

Ардак кароол ротасынын командиринин рапортунан кийин лидерлер тизилген катардын алдынан басып өтүштү. Салтанаттын жүрүшүндө алар тууга таазим кылышты, Венгриянын премьер-министри “Салам, аскер!” деп ротага кайрылып, саламдашты.

Андан кийин Садыр Жапаров жана Виктор Орбан өздөрүнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрү менен тааныштырган соң Ардак кароолдун аскер кызматчылары мамлекет башчыларынын алдында салтанаттуу марш менен өтүштү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: