super.kg logo

 Байдендин администрациясы Израилди сынга алууда

 

АКШнын президенти Жо Байдендин администрациясы Израилди Газадагы гуманитардык кырдаалды жакшыртуу үчүн жетиштүү чара көрбөй жатканы үчүн сындап жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Ноябрдын башында Израилдин расмий өкүлдөрүнө Газа секторуна жардам берүүнү жакшыртуу үчүн берилген 30 күндүк мөөнөт бүтөт. Болбосо, Байден Израилге аскердик жардамды кыскартууну убада кылган.

Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Мэттью Миллер 4-ноябрда билдиргендей, АКШ Газага жардам жеткирүү боюнча Израилдин аракеттерин "канааттандырарлык эмес" деп баалады.

"Бүгүнкү күндө кырдаал олуттуу өзгөргөн жок. Кээ бир көрсөткүчтөр боюнча өсүштү көрүп жатабыз. Бирок катта көрсөтүлгөн сунуштарды карасаңыз, алар аткарылбай калганын көрөсүз", - деди Мамлекеттик департаменттин өкүлү.

Байдендин ультиматумунда Израил курчоодогу палестиналыктарга өтө зарыл болгон азык-түлүк жана башка товарларды ташыган күнүнө кеминде 350 жүк ташуучу унаага уруксат бериши керек деп айтылат. БУУнун акыркы маалыматына караганда, октябрдын аягына чейин Газага орто эсеп менен күнүнө 71 гана жүк ташуучу унаа кирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: