Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга келди. Аны жамгырлуу кечте Акылбек Жапаров тосуп алды (сүрөт)
Бүгүн, 5-ноябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалымдалгандай, өзбек президентин “Манас” эл аралык аэропортунан өкмөт башчы Акылбек Жапаров тосуп алды. Мирзиёев эртең Бишкекте өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезектеги он биринчи саммитине катышуу үчүн келди.
Саммиттин ишине уюмга мүчө беш мамлекеттин – Азербайжан, Казакстан Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстандын лидерлери, ошондой эле уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн башчылары катышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

