super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров менен Виктор Орбан бир нече документке кол коюшту (тизме)

 

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында бүгүн, 5-ноябрда кыргыз-венгер кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди

Алар:

- Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы Кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен декларация;

- Министрлер кабинети менен Венгрия өкмөтүнүн ортосундагы Аба каттамы жөнүндө макулдашуу;

- Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Венгриянын Улуттук салык жана бажы администрациясынын ортосунда кадрларды даярдоо жана кесиптик квалификациясын жогорулатуу жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;

- Юстиция министрлиги менен Венгриянын Юстиция министрлигинин ортосундагы 2025-2027-жылдарга кызматташтык программасы;

- Билим берүү жана илим министрлиги менен Венгриянын Тышкы иштер жана соода министрлигинин ортосундагы 2025-2027-жылдарга STIPENDIUM HUNGARICUM программасынын алкагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: