super.kg logo

Украинанын учкучсуз учагы Белгороддогу көп кабаттуу үйгө кол салды

 

Украина менен чек арага жакын жайгашкан Орусиянын Белгород шаарындагы көп кабаттуу турак жайды дрон сүзүп, анын кесепетинен бир нече киши жабыркады. Бул тууралуу облустун губернатору Вячеслав Гладков өзүнүн Telegram каналына жазды.

"Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн учкучсуз учагы Белгороддогу көп кабаттуу үйгө кол салды. Кол салуунун кесепеттери тууралуу маалымат такталууда", - деп жазды ал.

Орусиянын Mash жана Baza телеграм каналдары кеп Новая жизнь районундагы Каштановая көчөсүндө жайгашкан үй жөнүндө болуп жатканын жазышууда.

Гладковдун айтымында, бир адам жарадар болуп, ооруканага жаткырылган. Baza үч жабырлануучу бар экенин, ал эми Mash телеграм каналы бешөө жарадар болгонун жазды.

Облус башчысы ошондой эле окуянын кесепетинен үч батир күйүп кеткенин айтып, окуя болгон жерде Тез жардам кызматы иштеп жатканын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: